Выберете язык интерфейса:

English Russian

· Главная
· Stories_Archive



5 гостей и 0 пользователей.

Вы Анонимный пользователь. Вы можете зарегистрироваться, нажав здесь.


Илмиянов менен Раим Матраимов Кыргызстан аркылуу Украинага курал ташыйбы?

Илмиянов менен Раим Матраимов Кыргызстан аркылуу Украинага курал ташыйбы?

Илмиянов менен Раим Матраимов Кыргызстан аркылуу Украинага курал ташыйбы? ЧЫНДЫК - 12.10.2017 01802 Поделиться в Facebook Твитнуть в Twitter Орусиянын rusvesna.su сайты Украинадан курал жарактар Кыргызстан аркылуу талибандарга ташылып жатканы тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Макаланы Каганат сайты которуп жарыкка чыгарды. Украинанын запастагы куралдары дүйнөдөгү согуштар жүрүп жаткан аймактарга ташылып жатканы тууралуу маалыматтар көп эле айтылып, жазылып келет. Жада калса Түндүк Кореянын чуу жараткан ракеталык технологиялары дагы Украинаныкы эмеспи деген суроолор туулган. Учурда менин колума Украинанын куралы Афганистанга аткезчилик жол менен ташылып жатканы, ал Талибан кыймылынын боевиктерине берилип жатканы тууралуу маалымат келип түштү. Бул маалыматты Кыргызстандын күч структурасынын башында турган аткаминер жөнөткөн. Анын айтымында, 2015-жылы пулемет, миномет баш болгон бир нече партия куралдар өлкө аркылуу ташылып өткөн. Бизде документтер жок болгону менен маалыматтарды айткан адам анын аты-жөнүн жарыялабай эле коюуну суранды. Ал бир нече аттарды, фактыларды айтты, аларды мен башка булактар аркылуу иликтеп чыктым. Ошондуктан чогулган материалдарды жарыялап коюуну туура таптым. Сатуучулар жана сатып алуучулар Булагыбыз билдиргендей, курал ташуудагы башкы ролду «Пашинский кланы» ойнойт. Сергей Пашинский президенттик аппаратынын башчысы, Жогорку Раданын коргоо жана улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси. Анын уулу Антон болсо ошол маалда аскердик жабдууларды чет жакка ташыган «Спецтехэкспорт» компаниясынын башчысы эле. 2017-жылы Сергей Пашинскийдин “клан” позициясында төңкөрүшкө катышканы тууралуу маалымат пайда болгондон кийин 2015-2016-жылдары украиналык рынокто куралдын таасири чоң болгону белгилүү болгон. Украиналык саясий аналитиктер Пашинский көптөгөн келишимдерди түзүүдө таасирдүү болгонун жана өз “долясын” алып турганын айтып келишет. Биздин булак дал ушул Пашинский Украинадагы куралдарды Кыргызстан жана Тажикстан аркылуу Афганистандын Кундуз деп аталган аймагына ташып, ал жактан талибдерге сатылганы боюнча планды түзгөнүн айтып берди. Келишимге ылайык, Афганистанга пулеметтор, аткыч куралдар жана кайра жасалып чыккан БМ-37 батальнодук минометтор ташылмакчы болгон. Бул абдан кызыктуу факт болду, себеби бул жерде сөз 1997-жылы чыгарылган «Верба» миномету тууралуу болуп жатат. Ал советтер союзунун 82БМ37 жана «Поднос» минометторунун жаңы жасалып чыккан түрү. Пашинский болсо бул куралды ММКлар аркылуу мактап, жактап жада калса сүрөткө дагы түшүүгө жетишкен. Афганистандык журналисттер 2016-жылы 82БМ37 окшогон минометтор пайда болгонун жазып чыгышкан. Айланма жолдор менен… Кыргызстандагы булагыбыз билдиргендей, мыйзамсыз ташууларды польшалык бизнесмен Анджей Издебски уюштурган, ал менен украина тарап 2012-жылы кызматташып келген дагы Сауд Арабиясына ташышкан. Эми болсо Издебски Кипрдагы «E.B. S. InvestmentCo. Limited» оффшордук компаниясы аркылуу Кыргызстанга «Дастан инжиниринг» деп аталган фирманы каттоодон өткөргөн, анын филиалы Киевдеги Сталинград баатырлары проспектисинде жайгашкан. Ошентип бул компанияга Украинадагы «Спецтехэкспорту» фирмасы аркылуу аскердик жабдуулары Бишкекке ташыла баштаган. Документтерге ылайык, ташылып келе жаткан куралдар экени жашырылып, Чүй облусунда делинген өндүрүштөн чыккан жабдууларга керектөөчү тетиктер деп саналган, бирок факты боюнча айтсак, контейнерлер аркылуу боевиктерге арналган минометтор, пулеметтор ташылып келген. Текшерүүлөр көрсөткөндөй, Издебски курал саткан адам экени белгилүү болду. 2014-жылы ал жада калса чехиялык TVN каналынын иликтөөсүндө баш каарман болгон. Журналисттер ага курал сатуучу катары келип, Издебски Украинада жана Кыргызстанда ага баш ийген компаниялар бар экенин жана алар аркылуу каалаган иштерин жасай ала турганын ачык эле айтып мактанган. Кыргызстанга куралдарды ташуу бул иштин жарымы эле. Аны кандайдыр бир жолдор менен Ошко, андан соң Тажикстандын Хорогуна жеткирүү керек болчу. Бул иште Пашинскийге кыргыз өнөктөштөрү жардам беришчү, булагыбыз эки адамдын атын атады: президенттин кеңешчиси Икрам Илмиянов жана Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын жетекчиси Раимбек Матраимов. Кандай болгон күндө дагы чек ара аркылуу Хорогго курал ташылып, Афганистандагы жергиликтүү аткезчилерге берилчү. Эгерде жергиликтүү калктын айтканына ишене турган болсок, 1990-жылдардан тарта эле түндүккө маңзат, түштүккө болсо аткезчилик жол менен советтер союзунан калган аскер складдарынан курал ташылып келет. Кыргызстандын баңгизаттарга каршы кызматынын биринчи жетекчиси Александр Зеличенко өз китебинде дал ошол жерлер баңгизатынын, куралдардын базары экенин жазган. Кыргыз транзити Кыргызстанда аткезчилик кадимки көрүнүшкө айланып калган. Бул тууралуу пресса дагы ачык эле жазып, парламент болсо ачык эле айтып келет. Жада калса дал ошол Матраимов катышкан ири суммалар тууралуу, ал өлкөдө «Раим-миллионер» деген ат менен таанымал экенин бийик трибунадан какшап келишет. Ал эми кыргыз журналисттери болсо фактыларды көзгө сайып көрсөтүп жазышат. 2015-жылкы кытай статистикасына таянсак, курал боюнча түзүлгөн келишимге ылайык, Кыргызстанга 4,3 миллиард долларлык товар кирген, ал эми Кыргызстандын маалыматына ылайык, 1,05 миллиард долларлык товар. Демек ортодо бир нече миллиарддар көз көрүнө “жоголуп” кеткен. Матраимов жана Илмиянов республикада өтө белгилүү адамдар. Алар экөө тең саясатта үзөңгүлөштөр аталып келишет. Матраимовдун үй-бүлөсү өлкөдөгү эң бай адамдардын катарына кирет. Пресса анын Ошто бир нече заңгыраган үйү, дүкөндөрү жана чет жактарда активдери бар экенин жазып келет. Менин булагым Матраимовдордун бирине кытайлык LNG деп аталган газды кайра иштетүүчү заводдун 100 миллион долларлык акциялар пакети катталганын билдирди. Бул бажычынын жогорку жакта Илмиянов сыяктуу ишенимдүү адамдарынын болуусу күмөн жаратпайт. Прессада канча чуу чыкпасын, анын коррупцияга аралашканын канча айтышпасын ал бир да жолу жоопко тартылып, ал боюнча иликтөөлөр жүргөн эмес. Мисалы ММКлар мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүн жарыялашкан. Анда ал журналисттерге Матраимовду Ош бажысынан кызматтан кетиришкени жатканда ал Бишкектегилерге 700 миң доллар пара берип, өз ордун сактап калганын айткан. Эгерде Матраимов курал аткезчилигине чындап эле кийлигишкен болсо, демек Ош аркылуу куралдардын ташылуусун оңой эле колго алмак. Ал өзү ушул аймакта төрөлгөн жана бажыда көптөгөн жылдар бою иштеп, жакшы байланыштарды түзүп алган. Менин булагым Оштон Матраимов Өзбекстанга, Тажикстанга аткезчилик товарларын оңой олтоң эле жеткирерин, күнүнө ондогон жүк ташуучу унаалар өтүп жатканын билдирди. Алардын арасында 2015-2016-жылдардагы Талибандарга арналган куралдар болгон эмес деп айтуу кыйын. Көзөмөлдөөгө мүмкүн болбой калды Мага бул маалыматтарды айтып берген адам: “Муну көзөмөлдөөгө мүмкүн болбой калды. Аткезчилик аркылуу бат акча тапса болот. Эгерде сооданы уланта берсе бизди өтө чоң корунучтар күтүп турат”-деди. Анын айтымында, учурда Киев-Бишкек багыты менен Афганистанга эмес, Синьцзянга Нарын аркылуу курал ташуу маселеси каралып жатыптыр. Пекиндин бийлигине каршы чыккан жергиликтүү исламист-боевиктерде курал жетишсиз болуп жатыптыр. Кытайдын чек аралары жабык, ал эми Кыргызстандан келген аткез жүктөрү абдан пайдалуу болмок. “Нарын аркылуу аткезчилик иштери дайыма болуп турат. Күнүнө 100 жүк ташуучу унаа өтөт. Бишкекке базарга товар алып келишип, кайра артка бош кете баштаган жүк ташуучу унааларды жөн койгусу келбеген “жигиттердин” бири аны кайра Кытайга куралга толтуруп кетирүү жолун ойлоп тапкан.Ал эми боевиктерге акча төлөгөн арабдар болсо каалаган суммасын берүүгө даяр”,-дейт булак. Эгерде бул ачыкка чыкса кытай, казак, орустар менен мамилебиз солгундайт. Мага бул маалыматтарды айтып бергендерге ишенгим келген жок, анда сенсациялык фактылар жана күнөлүүлөр өтө көп, анын үстүнө эч кандай документтер, сүрөттөр берилген эмес. Бирок ал айткан адамдар, фирмалар жада калса куралдардын маркалары чындыгында бар. Айрым фактыларды текшерүү зарыл. Бирок бул тиешелүү органдардын иши. Автор: Роман Хазенко Кыргызчалаган: Каганат


Разместил: kchr [12/10/2017]

 
· Больше про
· Новость от kchr


Самая читаемая статья: :
http://www.youtube.com/watch_popup?v=Dau9muR_zn0


Средняя оценка: 0
Ответов: 0

Пожалуйста, проголосуйте за эту статью:

Отлично
Очень хорошо
Хорошо
Нормально
Плохо



 Напечатать текущую страницу Напечатать текущую страницу


Извините, комментарии не разрешены для этой статьи.


RusNuke2003 theme by PHP-Nuke по-русски