Урматтуу Азимбек Мырза!

Сизди жана сиздин "Асаба" партиясынын мучолорун жана сиз баштаган "Акаевди отставкага кетируу жана эл учун реформа" кыймылынын мучолорун келе жаткан жаны жыл майрамы менен куттуктайм.Сиздерге,ынтымак,биримдикти жана чыдамдуулукту каалайм.Сиз кыска убакыттын ичинде  озунуздун эр-журок,Кыргыз эли учун керек болсо жанын бере турган курошчу инсан катары корсото алдыныз.Тилекке каршы бугунку Кыргыз элинин абалы,Кыргыз элинин тарыхында болуп коргон эмес,бир милионго жакын Кыргыздар куураган кур оокаттын айынан,башка олколордо иш издешип,а тугул малай болууга мажбур болуп жатышат,кээ бирлерин олтуруп,тапкан маналаярын ала албай кыйналып журушот,кее бирлерин жок жерден олтуруп,дагы башка кырсыктарга дуушар болуп жатышат.Мындай кордукка Кыргыз эли эч качан дуушар болгон эмес.

Кыргыз бийлиги,Кыргыз элинин атынан эки милиардка жакын доллар карыз алып,андан башка эки милиарддан ашык долларга гуманитарный жардам алып,баш аягы торт милиарддан ашык Кыргыз элине арналган жардамдын Кыргыз элине пайдасы тийбей,Кыргыз мамлекети,эн кедей жана эн жеп ичкич бийликтуу атка дуушар болуп олтурат. Сиз ушул жеп ичкичтерге каршы курошом деп аракет жасап,Кыргыз элинин эгемендуулугун сактап калууга,Кыргыз жеринин бутумдугуно чон аракеттерди жасап,бугунку режимге каршы тайманбай курошко чыктыныз.Кыргыз элинин чыныгы патриот инсаны катарында озунузду корсоттунуз.Сиз озунузду чындыгында Кыргыз инсаны кандай оз жери,Эли учун Конституциянын,мыйзамдын жана эл аралык документтердин негизинде курошуш экенин корсоттунуз.Ошондуктан Кыргыз элинин колдоосуна ээ болдунуз,Кыргыз элинин  умуту сизге окшогон эр-азаматтарга ото зор?

Келеерки жылда да сиз коптогон аракеттерди жасайт деп Кыргыз эли умуттонуп жатат,ошондуктан сизге,кудай куч берип,ден соолук каалайбыз.

Менин ушундай эле кааломду сиздин коллегаларга;Алифтина Проненкого,Исмаил Исаковго,Бектур Асановго,Алишер Абдимомуновго айтып коюнузду отуном.

Сизди урматтап,
Рамазан Дырылдаев

Назад