05.06.2006

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ БАКИЕВДИ БИЙЛИККЕ АЛЫП КЕЛГЕНИ ?Ч?Н КЫРГЫЗ ЭЛИНЕН КЕЧИРИМ СУРАДЫ
Жогорку Ке?ештин депутаты Азимбек Бекназаров б?г?н кыргыз элине кайрылуу жолдоду. Анда 24-марттагы ы?кылаптан кийин ?лк?н?н, элдин тагдырын ишенип президенттикке Курманбек Бакиевди алып келишкендиги ?ч?н караламан калктан кечирим сурады. Анын мындай кадамга барышына Курманбек Бакиевдин Аксы окуясына кайдыгер мамилеси, убадага турбагандыгы, экс-президент Аскар Акаевден айырмасы жоктугу себеп болгон. Ал эми президенттин маалымат катчысы болсо Бекназаровдун дооматында негиз жок деген пикирде.


Экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров Кыргызстан элине кайрылуусунда "президент Курманбек Бакиев элдин ишенимин аткарган жок", деп кесе айтты. Ал 2-июнда Жогорку соттун чечиминен кийин Аксы окуясына карата азыркы бийликтин жасаган мамилесинен улам азыркы бийлик менен кызматташпай тургандыгын билдирди. Бекназаров караламан калкка кайрылуу жолдоп, анда былтыркы ы?кылапта Курманбек Бакиевге ишеним к?рс?тк?нд?г? ?ч?н кечирим сурады.
"Урматтуу Кыргызстан эли 24-мартта элдик ы?кылап болгондо Курманбек Бакиевди ?й?н?н алып келип, ушул мамлекеттин башчылыгына отургузуп, элдин, мекендин тагдырын бергенибиз ?ч?н мен кечирим сурайм. Биз жа?ылган экенбиз".
Азимбек Бекназаров ?лк? башчысы Курманбек Бакиевди ы?кылаптын талаптарын аткарбагандыгын, анын айланасында дагы эле Аскар Акаевдин ишенимд?? адамдары отургандыгын, мыйзамдуулукту сактабай жатканын айтып сынга алды.
Анын айтымында ?ст?б?зд?г? жылы 2-июлда Жалалабад облусундагы Кочкор ата шаарчасында жалпы элдик сегизинчи курултайды ?тк?р?п, жыйында бийликке бир катар катуу талаптар коюлат.
"Сегизинчи жалпы элдик курултайда конкретт?? чечим кабыл алабыз. К?зг? чейин бийлик бир жыйынтык чыгарбаса, мен ойлойм бул бийлик Акаевге окшоп качып кеткенче отурбай, ?з ыктыяры менен ээлеген кызматтарынан кетиши керек. Башка жол жок".
Президенттин маалымат катчысы Надыр Момунов болсо Азимбек Бекназаровдун койгон дооматында негиз жок деген пикирде. Анын айтымында, Бекназаровдун негизги дооматтарынын бири Аксы окуясына байланыштуу маселе. Аны сот чечиши керек.
"Бекназаровдун дооматтары жалпы негизде болуп атат. Эгерде Аксы окуясы боюнча нааразылыгы болсо аны сот аркылуу чечиши керек. Бул жерде бийликтин тиешеси жок да. Жогорку соттун чечими-бул соттун чечими. Ал президент Курманбек Бакиведин чечими эмес да. Ошондуктан Бекназаровдун кандайдыр бир аргументтери болсо сотко кайрылышы керек. Аны сот чечет".
Парламент депутаты Азимбек Бекназаров 24-март ы?кылабынан кийин азыркы бийликке оппозициялык маанайдагы ?з к?з карашын билдирип келгендигин, бирок б?г?нд?н баштап коомчулукка бийликке каршы оппозицияга ?тк?нд?г? тууралуу расмий жарыялаарын билдирди. Ал “Реформа ?ч?н” кыймылы менен биргелешип бийликке катуу талаптарды коюша тургандыктарын, ?лк?н? саясий-экономикалык кризистен чыгаруу аракеттерин к?р?ш?р?н белгиледи. “Реформа ?ч?н” кыймылынын лидерлеринин бири Темир Сариевдин айтымында, Азимбек Бекназаровдун мындай кадамга барышына азыркы бийликтин эл ишениминен кетип баратканы себеп болгон. Ал Бекназаровдун “Реформа ?ч?н” кыймылы менен биригиши тууралуу жакын арада штаб м?ч?л?р? ?з к?з караштарын билдирише тургандыгын билдирди.
"Штабда алдын ала с?йл?ш??л?р болгон. Бирок бардыгы Бекназаровдун расмий т?рд? билдир??с?н?н кийин каралат дегенбиз. Жакын арада чогулуп, бул боюнча ?з?б?зд?н к?з карашыбызды айтабыз".

Аманбек Жапаров,Бишкек