15.03.2006

Уйгур, Кытайга токолдукка тийген "ажарлар" жана "олигилер"
Азыр Ошто, Карасууда соода кылууга келген соодагер, жолду оңдоого келген өндүрүшчү кытайлар оголе көп. Расмий маалыматтарда алардын саны Түштүктө 5 миңди түзөт. Бейрасмий статистика андан эки эсе көптү түзүшү мүмкүн. "Кытайга тийсең дагы, кытайдан алсаң дагы кытай туулат" деп Баратбай Аракеев жер муштагандай азыр Ошто, Карасууда кыргыз кыздарынын кытайларга, уйгурларга сөздүн түз маанисинде 2-3-аялдыкка токол катары, кептин көмүскө маанисинде күң катары массалык түрдө тийип жатышыптыр. Ошол эле оштук депутаттар кыргыз кызы чет жердикке күйөөгө чыкса ата-энесине, мамлекетке баланча миң доллар салык төлөнсүн, болбосо жоопко тартылат деген мыйзам чыгарышпайбы.
Ал эми ордолуу Ошто сойкуларды секин гана "олигилер" (анысы алигилер дегенди билдирет) деп тергеп коюшат экен. Бишкекке салыштырмалуу итбекер арзан болгону менен бул жер болгон оорунун "горячий точкасы". Бирок орус, кыргыз кыздарына караганда өзбек кыздарына талап жогору. Анткени аларды төшөктүн канышасы дешет.
Бишкектеги "олигилерден" булардын айырмасы жашында. Өздөрү айткандай, кечки саат 10.00дон кийин мерчемдүү жерлерде 12-13 жаштагы көчөт кыздар тизилет. Айтор, бери дегенде 3000 жыл толгон байыркы Ош чарчап да, кирдеп да бүтүптүр.

ТАЛАС уулу Семетей,
Бишкек-Ош-Жалалабат-Бишкек