15.03.2006

70 млн. доллар карызды ким төлөйт?

"Таза суу" программасы да баягы багын бачагарлар кырккан көп программанын бири болуп калды сыягы. Арман ушу, Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банк карызга берген 70 млн. долларды балдарыбыздын, неберелерибиздин мойнуна каргыдай иле салып, этегибизди кагынып басып кеткенибизде болуп жатат. Күнөөкөрлөрдү эми табыш кыйын. Мисалы, суу түтүкчөлөрү киргизиле турган айылдардын долбоорлорун долбоорлоо институттары чийишкен. Аалымдар жерине барбай борбордон туруп эски архивдерди көтөрүп, ошонун негизинде чиймелерин эптеп чүргөй салышып кутулушкан. Кийин алар жараксыз болуп чыкпадыбы. Бүгүн ошол долбоор чийген аалымдар жок, алар 2 млн. долларды бөлүп алышкандын эртеси өлкөдөн чыгып кетишкен. Дагы бир кызыгы, алар даярдаган миң долбоордун беш жүзүнүн кереги жок болуп чыкты. Себеби, аны курганга акча жок, донорлор берген акча инфляцияга шылтоолонуп качан эле желип кеткен.

Курулуш уюмдарын талдамакчы болушкан тендердик комиссия да махинацияга барышкан. Техникасы, банкта сакталган акчасы, заманбап адистери барбы - изилдеп, териштирбей "хоп" дегендерди жеңүүчү деп атай беришкен. Эгер "хопту" андан да уккулуктуу айтса, аларга үч-төрт объект беришкен. Бүгүн ошолордун айынан ондогон объектилер башталып, аягына чыкпай ээнсиреп жатат. Бүттү эсеби болуп ээлерине өткөрүлгөн объектилердин суу бербей ачылып-чачылып жатканы канча. Мисалы, Сузак районундагы "Достук", Базаркоргон районундагы Абдураимов кичи долбоорлорун куруучулар эптеп бүттүгө чыгарышса, жергиликтүү бийлик кабыл алууга келгенде эски адаттарына салышып, "бир табак" аш желген соң кол коюп беришкен. Айыл эли баягыдай эле арыктын ылай суусуна күнү түшүп отурат.
Тендердик комиссия мүчөлөрүнө өңчөй "хоп, майлилерди" топтошконбу, чоң чиновниктердин бир коңгуроосун да көз сыртынан кетиришпептир. Айтканы айткан болуп туруптур. Албетте, жетекчилердин тилин алганы, тил кайтарбаганы, колуна суу куйганы жакшы, бирок силердей колго суу куям деп баарыбыздын артыбызга суу куйганыңар, жар учунда турсак бери тартпай ары түрткөнүңөр кантип болсун. Силер программанын тартиби боюнча долбоорго кирген айыл эли курулушка керектелүүчү акчанын 5 пайызын алдын-ала чогултуп берүү зарылдыгын билип туруп билмексенге салгансыңар. Акчасынан дайын жок, дегеле таза суу чыгарып бергиле деп жер сабабаган, сурабаган айылдарды долбоорго күчтөп киргизип салгансыңар. Ошол эле учурда ыйлап, боздоп, чычкан акеден суу сурап мөгдүрөгөн, акчасын чогултуп колуңарга карматкан 300 айылды каратып туруп долбоорго киргизбей койгонсуңар. Ал байкуштардын марафон өткөрүп, малын, данын сатып жыйган 39 млн. сом акчаларынын 17 млн. сомунун изи табылбай жатат. Аны кайсы шылуун каңтарып салганы бүгүнкүнүн табышмагы.
Ушу күндөрү "Таза сууну" ылайлаган кимдер?" деп коңгуроо кагып Генпрокуратура, Эсеп палатасы текшерип жатат. Биринчи жыйынтыгы чыгып да калды. Анын карлыгачы Сузак районундагы "Сафаровка" кичи долбоорунда текшерүү бүтүп, тендерде жеңип алган "АСТЭК-Холдинг" менен "Пластполимер" кичи ишканалары чоң махинацияларга жол бергени, курулушту аягына чыгарууга күчү жетпегени, алган акчасынын 3 млн. 190 миң 64 сомун "жеп" алганы ачыкка чыкты. Бул объектте курулуш токтогонуна бир жыл болду. Акча болсо желип кеткен. А шылуундар аны качан кусушат, курулуш качан бүтүп, эл качан сууга марыйт, белгисиз. Ушул эле объектте "ВЭЖ" деген кичи ишкана да иштеп жаткан. Ал да эч нерсеге жөндөмсүз болуп чыкты, убадасынын өтөөсүнө чыгалбады. Ишкананын жетекчиси Н.Атакуловдун мойнунда бүгүн 200 миң сомдон ашык карызы илинип турат. Үстүнөн иш козголгон.

Калил ЖАМГЫРЧИЕВ