03.03.2006

Азимбек Бекназаров Алас-парламентте
Акаев бийлигинин акырынан жем жегендер да революционер болуп алды

Каратмасөз
"Алас-парламент" рубрикасынан кыйкым издегендер чыкты. Кыязы, парламент десе эле Жогорку Кеңешти эске алып атышат өңдөнөт. Ал да туура. Бирок эсеби маселең, парламенттин теги италия тилинин parlamento - талкуу, сүйлөшүү дегенден чыкканын жакшы билесиз. Биз ошону эске алганбыз. Ошентип биздин бүгүнкү парламентте Кыргыз эл депутаты, легендардуу А.Бекназаров.

Жаштыктан айтсак бир сабак


- Азимбек Анаркулович, сөздү алыстан, мисалы, жаштыгыңыздан баштасак. Кайда окугансыз, кандай окугансыз? Иштин башы эмне болуп илгерилеген дегендей
-Онду бүткүчө мектепте ардак тактадан түшкөн жокмун. Апам саанчы эле, Социалисттик эмгектин ударниги да болчу. 7-ноябрь сайын биз эмгек ударниктерине кызыл жагоо тагат элек, мен жагоону апама байлачумун. Мектепти жакшы бүттүм. Жашыман иштегенди жакшы көрөм. "Эки кабат үй салып атыптыр" дебатышпайбы, үйдү өзүм бала-чакам менен салам. Алтынчы, демалыш күндөрү барып жер казам, бетон куям. Онду бүткөндө университеттин юрфагына жети жолу тапшырдым. "Эмне үчүн чоңдордун балдары юрфакка өтүп, биз өталбайбыз?" деген ой кичинемде эле көкүрөгүмдө турчу. Армияга барып келдим. Андан кийин да юрфакка тапшыра бердим. Чабандын баласы да юрфактан окуй аларын далилдейм деген оюм бар эле. Эки жолу конкурстан куладым. Жетинчи жолкуда мурда мени менен тапшырып жүргөндөр: "Эй, сен баары бир биякка өтпөйсүң, андан көрө Ташкенттеги юридикалык техникумду бүтүрүп келегой, анан бир экзамен тапшырып өтөсүң" дешти. Ташкентке барып, техникумду артыкчылык диплому менен бүтүп келдим. Фрунзеге келип, бир экзамен тапшырып юрфакка өттүм. Аны да артыкчылык диплому менен бүтүрдүм. Тергөөчү болуп иштедим. Мени менен тең иштегендер лейтенант кезде, мен капитан болгом. Киши өлтүрүүлөрдү көп иликтеп, көп ачтым. Уюшкан киши өлтүрүүлөрдү тергеп, жети киши бир жылда атууга кеткен. Токтогулда, Сузакта, Кербенде уюшкан өлтүрүүлөрдүн бети ачылган. Ошондо "эң мыкты тергөөчү" дегенди беришкен. Абдугапаров деген облпрокурор дайыма сыймыктанып мени айтып жүрчү. Ушундай иштерден кийин мөөнөтүнөн мурда чиндерди алгам. Кийин Абдугапаровго иш козголуп, мени терге дешти. Мен "макул тергейин, бирок камабай туруп" деп макул болдум. Ошонун айынан экс-генпрокурор Шаршеналиев экөөбүз жаман-жакшы көрүндүк. 1997-жылы прокуратурадан аттестация аркылуу сот системасына өттүм. Бишкектеги Октябрь районуна судья болдум. Бир жылда 247 иш карап, рекорд койгон да Бекназаров болгон. Сот болуп иштегенимдин үчүнчү жылынын аягында Болот Жанузаковдун эки заказын аткарбай койсом, мени Акталаага барасың дешти. Акталаага барбайм деп, депутаттыкка кетип калдым. Иштеген жеримен өмүр бою жаман деген нерсе уккан жокмун.


Пара - биздин коомдун жарасы

-Сизге пара сунуш кылгандар болгонбу? Алган күндөрүңүзчү?
-Күндө эле болот да, коом ошондой болгондон кийин мен андан кайда качмак элем. Генпрокурор кезимде депутаттар "взятка алып баргандар болуп атабы?" дешти. "Ооба, алып баргандар араңарда да отурат. Бирок секин жонунан таптап чыгарып коюп атам" дедим. Майда-чүйдө кадр дайындарда өзүмдүн эле шайлоочуларым келишет, "биз сага чуркаганбыз, ачкачылык жарыялаганбыз, бул баламды тергөөчү кылып киргизип кой" дешет. "Жок, анда биздин Акаевден айырмабыз кайсы? Андай кылбайбыз" дейм. Генпрокуратурага 15 кызматкерди бейөкмөт уюмдарды, журналисттерди катыштырып, конкурс менен алдык. Өзүмдүн эле партиялаштарым кандай нааразы болушту. "Ии, алты айдан кийин түшүп калдың, акыры келет экенсиң го, бизге" дешти.
Пара деген бул биздин коомдун каны-жинине аралашып кетти. Акаев аны салтка, адатка айландырды. Мыйзамдуу жооп берсең да, "ай ушу бирдеме үмтөтүп атат" дешет. "Баламды ишке орноштур" дегенден баш тартсаң, "бирдеме бериш керек" деп ойлошот. Бакиевди да жолдон чыгарып аткан ушул салт. "Сен эмне түбөлүк президент болот белең, өзүбүздүн балдардан өстүрөлү, кызматтарга коюп койбойсуңбу" дегендер да бар. Убагында Апсамат Масалиевди да ушинтишкен. Үйүңдүн астына айылдын аксакалдары отуруп да алышат. Менин да башымдан өттү, бир аксакал беш күн бою үйдүн алдынан да, иштин алдынан да кетпейт. Бир күнү "эй, аба, отурба биерге" десем, "мен сакалымды сүйрөп беш күндөн бери жүрсөм ушинтесиң, сен кызматта түбөлүк каласыңбы?" деп абдан капа болбодубу. Мына азыр мени сотко чакырып атат. Ищенко деген "Жеке кабыл алууга жазылсам кабыл албады, ошон үчүн моралдык айып катары 50 миң сом төлөсүн" деп сотко бериптир. Сотко айтайын деп атам, Бакиевге кире албагандарга да моралдык айып өндүрүп бергиле деп.
Өзүм баалап, баланча бересиң деп пара алган жокмун. Бирок "чакырсам барбайт экенсиң, чай ичип кой" деп столдун үстүнө таштап кеткендер болот. Негизи укук коргоо органдарында иштегендерди депутаттыкка шайлаган учурлар аз, себеби көпчүлүк элде алар жөнүндө оң пикир жок.
-Сиз Генпрокурор болгондо издөөдө жүргөн Жайсаңбаев, Пак, Акматбаевдер өз эрки менен тергөөгө келишпедиби. Ушу үчөөнөн Бекназаров 100 миң доллардан алды деген сөз чыгып кетти?
-Үчөө эле эмес, өз эрки менен мен башкарган прокуратурага отуздан ашык киши келди. Булар үй камагында, же депутаттардын кепилдиктери менен жүрүштү. Мисалы, Акматбаевге 22, Жайсаңбаевге 17, Пакка 4-5 депутат кепилдик документ берген. Бул мен жүргүзгөн саясат болчу, ал бирөөгө жагат, экинчисине жакпайт. Мен убагында Акаевдин, коомдун акыйкатсыздыгынан жапа чеккендерге келгиле, силерге кепилдик берем, тергөө акыйкат болот дебедимби. Ошондон кийин келе башташты. Бардыгына тең ишиңер сотко өтөт, себепсиз камаганга жол бербейм, силер тергөөгө жардам бергиле дедим. Силер таппай жүргөндөр келишти, мына деп ИИМге, финполицияга өткөрүп бердим. Жайсаңбаев, Пакты алиге финполиция тергеп атат.


18 млн.ду Жайсаңбаев жалмабаса, анда ким?

-Бирок азыркы Генпрокурор Конгантиев Жайсаңбаев акталды дегендей кылды го.
-Мен кеткенден кийин эмне болгонун билбейм. Жайсаңбаев мага келгенде "18 млн. доллар алган эмесмин, далилдейм" деди. "Далилде" дедим. Пак деле төлөп берем деп жүргөн. Мен бу кишилерди тымызын чакырып алып, баш коргоо чараларын өзгөртсөм, силер айткандай акча алды дегениңер чын болмок. Мен ачык айттым, алардын ак же кара деп далилденишине мүмкүнчүлүк гана бердим. Качсаңар да камаласыңар дедим. Ошол эле учурда чекарачыларга жашырын кат жазып, качып баратса кармагыла деп койгом, ошондон кийин Танаев колго түшүп калбадыбы. Мен бардыгына "силердин ишиңер сотко өтөт, соттолушуңар керек, же сот тарабынан акталышыңар керек. Иш кыскартылбашы керек" дедим, ошого макул болушту. Эгерде мен бирөөнүн ишин кыскартып койсом, телевизордон "Бекназаров ушинтти" деп кечке кыйкырышмак. Кийин мен Генпрокурорлуктан түшкөндө мени бирдемеге такап жамандаш керек эле да. Мен туура эмес кылсам, башында чакырык таштап, орусча-кыргызча жарыялаганда эле туура эмес деш керек эле да. Атүгүл Аскар Акаевич да мага кайрылган, "мен келсем кандай кепилдик бересиңер" деди. Максим Максимович келген, Майрам Акаева да "биз келсек, кандай кыласыз?" деп кат жазышкан. Жанагы Саркишов деген тууганынын балдары келген. Сурак берип атышты эле, азыр жабылып калды. Урмат Барыктабасовдун апасы, адвокаты үч жолу келди, а да келемин деп атат деп. Кийин келбей калышты.
-Жайсаңбаев ак болсо, анда 18,5 млн. долларды ким жутуп кетти? Балким анын жөн-жайын андагы Улуттук банк төрагасы, ошолеле учурда "Кыргызмунайзат" МАК деректирлер кеңешинин да төрагасы, азыркы депутат Марат Султановдон сурап көрсө болбойт беле?
-Аны азыркы Генпрокурордон сурагыла, талап кылгыла.


Бекназаровдун кайтаруусу бекем

-Бакиев сизден гана коркот экен. Тынчын алган сиз гана экенсиз. Ошон үчүн Бакиев жана анын командасы сизди катуу көзөмөлгө алып, чектен чыгарбай турат деген кеп бар
-Акүй эмес, мени Айтбаев көзөмөлдөп турат, телефондорумду угуп, баскан-турганымды билип. Бакиев мен кызматтан кеткенден кийин деле өз оюмду ачык айтып, өз саясатымды жүргүзө береримди түшүндү. Анткени иштеп турганда эле Бакиев экөөбүз айтышып кеткен учур көп болду. Ошондо эле уулуңду тый дедим. Бекбоев деген досу бар экен, ага кырктай аял арызданып келди. Жумадил Макешов дегенди генпрокурордун орунбасарлыгына кой, мен ага генералдыкты берем, анан кетирем деди. Мейли деп отургузуп койдум. Анын үстүнөн көлдүктөр том-том арыз жазышты. Бул прокурорлукка эмес, "тиякка" отуруш керек деген. Мына, Түлөевди, Садиевди менин көрсөтмөм (представлением) менен кызматтан алышты. Иманбаев, Сарбанов, Садыркулов дегендер Бакиев менен жакшы экен. "Эми ушуларды жөн койбойсуңбу" дейт, мен "анда эмнеге революция кылдык?" дейм. "Бир эле Акаевди кууп жибергенге маашыр болуп отуруп калсак, эл эмне дейт анда. "Генпрокурор эмнеге унчукпай отурат" дейт. Атургай "Бекназаровдун чоң кылмышы бар экен, пара алып жаткан жерден видеого тартып алышыптыр, ошон үчүн анын оозу жабылып калыптыр" дегенди да чыгарышкан. Бирок андай болгон жок да. Мен кызматтан кеткенден кийин алты күндөн кийин апам өтүп кетти, кыркы өткүчө саясатка аралашпай турайын дедим. Анан шайлоо болуп кетти. Булар ошонун бардыгын мага каршы жакшы эле колдонушту.
Өткөн жайда "Ааламсервис" боюнча катуу салгылаш болгондо мен иштеше албай турганымды айтып, президентке арыз жазгам. Баласы Максим "Бекназаровду алыш керек, жашоо бербей жатат" деп бир жерден айтыптыр. Президенттик инаугурация болбодубу, ошондо Максим менен жолугуп калдым, "Эй, үкөм, сен мени алып салам деп көрүнгөн жерде мактанып жүрүпсүң. Алсаң унчукпай ал" деп катуу тийип койдум. Ошондон кийин Бакиевге "бала-чакаңыз башкарса кетип эле калайын, жаңы бийлик менен кошо шерменде болгум келбейт" дегем. Ошондо Үсөнов, Отунбаева мени ортого алып, сен кетсең баарыбыз кетебиз дегенинен токтогом
Кийин бошоткондо "баягыда арыз жазганда эле бошотуп койсоңор болмок, өзүнүн арызы бар деп. Комиссия түзө коюп, Оштогу бирөөнүн өлүмүн мага байлайсыңар, мунуңардан эчтеке чыкпайт. Баары өзгөрүп кетип өзүңөр уят болосуңар" дегем. Ошондо президент "Сага Жогорку Сотту берем" дегенде, "Мага окшотуп Осмоновду да мыйзамсыз кызматтан алганыңызга каршымын. Жогорку Сотту Аскар Акаевич мага 2002-жылы ага импичмент жарыялайм дегенде эле сунуш кылган. Жашообуз өтпөй калат беле, Кыргызстандын 4 млн. эли деле жашап атат го" дедим.
Апамдын көзү өткөн соң, куран окутуп Сузактан аксакалдар, Бакиев, Сыдыков, Исаков болуп келди. Ошондо бардыгынын көзүнчө сурадым: "Бекназаров пара алып жатканда тартылган видео бар" деп айтат экенсиңер, андай болсо алып чыгып көрсөткүлө, чын-төгүнүнө жетели. Эгер чын эле ошондой болсо, элүүгө чыккыча эчтеке жебей жүрүп бир аз жеп койдум эле, кечирип койгула деп элден кечирим сурайын" десем, президент: "Эми бул жөн эле сөз" деди. Исмаил Исакович да жогорудагыдай сөз болгонун айтып, менден шек санап жүргөнүн, эми мага ишене тургандыгын айтты.

(Уландысы кийинки санда)
Алым Токтомушев
Аскер Сакыбаева

  КАРАСУУ БАЗАРЫНДА ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕРДИН НААРАЗЫЛЫГЫ ЧЫКТЫ
Фергана өрөөнүндөгү ири соода түйүндөрүнүн бири Карасуу базарындагы жеке ишкерлер базардын жаңы жетекчилигине нааразылыгын билдиришүүдө. Алардын айтымында базар жеке колдон элдин менчигине өттү деген жалган шылтоо менен ири соода түйүнүндөгү көзөмөлдү колго алышкан адамдар тарабынан жер акысын алууда, салыктардын өлчөмүн тескөөдө бир катар мыйзам бузууларга жана башаламандыктарга жол берилүүдө.


Карасуу райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда аталган базарга 5 миңден ашуун соода контейнерлери коюлган. Аларга Жогорку Кеңештин айрым депутаттары баш болгон жалпысынан 13 киши ээлик кылат. Базарда соода кылган жеке ишкерлердин сөзүнө караганда алардын укугу биринчиден ошол ээлик кылган адамдарга жер үчүн ижара акысын төлөөдөн бузулат. Анткени жеке ишкерлер менен жер ээлеринин ортосунда ушул күнгө чейин ижара келишимдери түзүлө элек. Жергиликтүү соодагерлердин кызыкчылыгын коргоо үчүн жаңыдан түзүлгөн "Ишкер" коомдук бирикмесинин төрайымы Шарапат Мажитова жер акысын алууда мамлекеттин казынасына салык төлөөдө жана ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүп берүүдө одоно башаламандыктарга жол берилип жаткандыгына токтолду:

- Алар жерди сатып алдык деп атышат. Базардын 15 гектар жер, биринчиден Баямандын жери бар, Алишер Сабировдун 500 контейнеринин жери бар, Жээнбекова Кенженин 200 контейнер жери бар, андан сырткары Мелистин жери бар. Aлишер Сабиров 500 контейнерине салыктын патентин албай эле, ар бир адамдан 2 миң сомдон алат. Өкмөткө канчасы чогулду экен. Фин разведкасы келип туруп ушунун ак карасын карап берсин - дейт Шарапат Мажитова.

Жыйындын жүрүшүндө жеке ишкерлердин көпчүлүгү ар бир соода түйүнү үчүн 2 жарым миң сомдон салык төлөп келе жатышкандыгын айтышып, базарды элдин колуна алып бердик дешкен жаңы базар жетекчилиги жогоруда аталган каражаттардын канчасын казынага төлөп, канчасын башка чыгымдарга жумшап жаткандыгы боюнча маалыматтар алар үчүн белгисиз экендигине токтолушту. Жеке ишкер Роза Айтымбетова барган сайын улам жаңы соода контейнерлери коюлуп жатканы менен салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыгына кайдыгер мамиле күчтүү бойдон кала бергендигин белгилеп өттү:

- Барган сайын базар чоңойуп, контейнерлер коюлуп атат. Aр бир контейнердин баасы эң аз дегенде 5 миң доллар. Жакшы өтүүчү жерлерде контейнердин баасы 25 миң долларга чыгып кеткен. Ошолорду базардын ээлери сатып атат, бирок канча пайызы мамлекетке түшүп атат, ал бизге караңгы, андай нерсени бизге отчет беришпейт. Бирок мен ойлойм, эгерде биз орто эсеп менен алганда 10 миң доллардан контейнерлерди саткан учурда эгер мамлекетке төксө Карасуу шаарын Бишкектен да өйдө көтөрүп жиберсек болот болчу.

Ал эми Карасуу райондук жана Ош облустук салык инспекциясынын жетекчилери Карасуу базарынын ээлери өткөн жылдын июнь айында алмашылгандан кийинки салыктын өлчөмүнүн түшүшү, көбөйүшү, же болбосо азайышы боюнча толук маалымат берүүдөн баш тартышты.

Карасуу базар башкармалыгынын башчысынын орун басары Базарбай Бейшебаев жеке ишкерлерден көп өлчөмдө салык алынып жатат жана отчеттуулук жок деген пикирлерди төгүндөй тургандыгын айтып өттү:

- Бул жерде 2 миңге чейин салык төлөмдөрдү алып келебиз деп атышат. Биздин учурда 400 сомдон 1100 сомго чейин төлөгөн жерлерди билебиз. Базар элдики деген сөздү ар ким ар кандай түшүнөт экен. Кээ бирлери базар элдики болуп калды, бүгүндөн баштап биз салык төлөбөйбүз деген сөздөрдү айтышууда. Мурунку администрациянын учурунда орундун ээси базарга чыгабы чыкпайбы келип акчасын төлөп кетчү экен. Ал эми биздин учурда эгер ал базарга чыкпаса ошол күндөн баштап ордуна акча төлөбөй калат. Муну дагы эске алыш керек деген оюн билдирди Карасуу базар башкармалыгынын башчысынын орунбасары Базарбай Бейшебаев.

Карасуу базарында соода кылган жеке ишкерлердин жыйынында алар базардын жаңы жетекчилигине ишеним көргөзбөй тургандыктарын айтышып, жер акысынын өлчөмүнүн ар түрдүүлүгү, мамлекетке төлөнгөн салыктарды жашыруу фактылардын бетин ачуу жана менчик ээлеринин статусунун аныктоо багытында текшерүүлөрдү жүргүзүүнү ишке ашыруу боюнча мамлекет башчысына кайрылуу жөнөтүштү.

Кубанычбек Жолдошев, Карасуу