03.03.2006

СОЙКУ "ЖӨЖӨ", "АЙРЫКУЙРУК" МИЛИЙСА

 Бишкекте "түнкү көпөлөктөргө" ар тараптан жардам көрсөткөн "Таис плюс" аттуу бейөкмөт уюм бар. Ачылганына 5-6 жылга чукулдады. Борборго эртели-кеч "секс кызматкерлери" үзбөй катташат. Ар кандай себептер менен бирине башпаанек, экинчисине юридикалык же медициналык жардам керек. Айрымдары жөн эле укташ үчүн же телевизор көрүш үчүн деле келишет. Салтанат (аты өзгөртүлүп берилди) менен ошол жерден тааныштык. Бир жылдан бери милициялар менен соттошуп, чындык издеп чырылдаган селкиге сөз бердик

- Баары өткөн жылы январда башталды. Эки баладан таяк жеп, үйдө кыйналып жатсам, Октябрь районуна караштуу ?8 ГОМдун кызматкери Жумашев Бактияр күндө келет: "Эки жумадан бери "отметка" берелексиң, акча тап" деп. Ал "пятакта" турганда күндө 200 сомдон кем алчу эмес да. Мени үч күн бою мостко сүйрөп барып коюп жүрдү. Мен иштебей койдум. Төртүнчү күнү дагы келиптир: "Кечке чейин 3000 сом даяр болсун" деп сөгүп-сагып, үйдү тинтип биртике каткан акчамды алып кетти. Мен Октябрь райондук прокуратурага арыз жаздым. Кечинде10 чакты СНБ кызматкери менин колума диктофон беришип, күбөлөрдү таап, Жумашевди кармаган. Ошол эле күнү таңкы төрттө мага арыз жаздырган прокурор Фомичев Олег келиптир. Жанында Жумашев жүрөт. "Сен арызыңды ал, мага встречный жазып бер, бул киши эми сага жолобойт" деп айтып атпайбы. Көрсө, Жумашев аларга 2000 доллар берген имиш. Мен болбой койдум. Андан кийин көргөнүм курусун. Караңгыда белгисиз бирөөлөр быкыныма бычак такап коркутушту. Кийин Жумашевге кошулуп "отметка" алып жүргөн зам.начальник Ашырбаев Абсалам, улук лейтенант Субанкулов Нурлан, кичи лейтенант Тукеев Кубан дегендер келишип мени сабап кетишти. Айлам кетип, 4-мартта акыйкатчы Турсунбай Бакир уулуна кайрылдым. Андан кайтып келатып, артыман "Волга" аңдып жүргөнүн байкагам. Жарым саат өтпөй, милициялар эшикти домкомго ачтырышып, эс-учуман тангыча тепкилешип, анан РИИБге алып келишти. Тергөөчү Токтогулов Ормон менин үстүмөн түшкөн арыз менен тааныштырды. Көрсө, Гүлжан деген аял "23-февраль күнү мас болуп алып мени сабаган" деп арыз жазыптыр. Мен ал күнү ичкен эмесмин, ишке да чыккан жок элем. Гүлжан гостиница кармачу, "менде жашаган кыздар төлөй албай коюшту, сен көптү билесиң го, клиент таап бербейсиңби" деген өтүнүчүн мурда бир аткаргам. Бирок кыздардан ал үчүн эч кимден акча сураган жок элем. Ошо менен мени ИВСке камап салышты. Эгер "Таис плюстун" кызматкерлери барып чыгарып албаса, балким азыр түрмөдө отурмакмын. Ал аялды урбаганымды далилдеш үчүн кийин мен КММАнын атайын экспертизасын талап кылдым. Жабыр тарткан Гүлжан экспертиза жасатып, башын рентгенге тарттырбаптыр. Таяк жеген киши жөн жүрбөйт эле да, анан эч кандай далили жок арызды эмнеге таянып жазды? Ал аз келгенсип, "Гүлжандан кечирим сурап кой, мен делону жабышым керек" дейт тергөөчү кебелбей. "Жасабаган иш үчүн эмнеге кечирим сурайм?" деп болбой койдум. Акыры тергөөчү сүйрөп жүрүп делону жапты да, токтомду 6-октябрда колума карматты. Карасам, прокурордун колу да, мөөрү да жок экен. Прокурорго кирсем, "тергөөчүнү таап кел" дейт. Тергөөчүнү тапсам, "жөн эле кете бербейсиңби!.." деп мени ашата сөгүп атып, прокурорго араң кирди. Ошондо Нишанов "токтомду мыйзам чегинде жасап бер" деп тергөөчүгө менин көзүмчө айткан. Андан бери төрт ай өттү. Али күнчө колума кагаз тиелек. Адвокатым экөөбүз сураштырсак, жооп жок. Мен "отметка" төлөбөгөнүм үчүн ит көрбөгөн ушунча кордукту көрдүм. Адам катары эсептешпей, укугумду көзкөрүнөө тепсешкенине ичим ачышат

"Ата-энем билсе, жер карабасын" деп Салтанат аты-жөнүн айтуудан баш тартты. Сүрөткө тартууга "Таис плюс" уруксат берген жок.

Санжи Туйтунова