15.01.2006

Бермет Букашева: ПРЕЗИДЕНТ ӨЗҮНӨ САЯСИЙ ҮҢКҮР КАЗБАШЫ КЕРЕК
Кыргызстанда сөз эркиндигине тоскоолдук күчөп, жаңы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына нааразылык көбөйүп жатканы жөнүндө “Лица”гезитинин башкы редактору Бермет Букашева “Азаттыктын” суроолоруна айткан жообунда токтоло кетти.


-Бермет Бексултановна, мына жакында эле шаардын прокурору Учкун Каримов президенттин кадыр баркын жана ар-намысын коргоо максатында айрым журналисттерге жана сын көз караштарын айткан саясатчыларга эскертүү жасады. Эскертүүнү “Лица” гезитине да берген. Прокуратуранын мына ушул кадамын сиз кандай баалайт элеңиз?

-Бул кадам журналисттерди коркутуу, алардын оозун жабуу деп түшүнсө болот. Бирок булардын мындай аракеттери жайынтык бербейт. Айта кетчү нерсе, Акаевдин учурунда бизге прокуратура мындай эскертүү жасаган эмес.Албетте, эскертүүлөр болчу, бирок президент жарандык доо аркылуу айтчу. Акаевдин учурунда деле “президенттин кадыр баркын коргоо” боюнча мыйзам бар болчу, бирок Аскар Акаевич бул мыйзам тууралуу ойлогон да, иш жүзүндө колдонгон да эмес.

-Акаевдин учурунда да ушундай сын материалдар гезитте жарыяланып жатты беле?

-Анда мындан он эсе курч материалдар жарыяланчу. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө, прессага басым 10-15 жылдан кийин башталган. Ал эми жаңы бийлик 1 жыл боло электе эле мынтип баштады. Бул акылга тайбаган нерсе деп ойлойм. Бул маселе боюнча Курманбек Салиевичтин түздөн түз тиешеси жок деген үмүтүм бар, бирок андай боло турган болсо, эмне үчүн ал “бул эмне кылганыңар, бул туура эмес” деп эки ооз сөз айтып койбойт.Буга да саясий эрк керек да.

-Эми ушундай эскертүүдөн кийин “Лица” гезити мындан ары да сын макалаларды жаза береби же кандайдыр бир өзгөрүүлөр болбойбу?
-Өзгөрүүлөр жумшак жакка болбойт. Мына 15 жыл Акаевден коркпой жүрүп , эми Бакиевден же анын прокурорлорунан коркуп калмак беле? Бийликке келген киши такыр эле башы башка жакка буpулуп калабы, билбейм. Кыргызстанда март окуясын өздөрү көрүштү, өздөрү жасашты.Анан ушундай каталарды кетирип жатышат.


-Бермет Бексултановна, эми жаңы бийликтин учурдагы иштерине да коз карашынызды билдире кетсениз, Мисалы президент Курманбек Бакиевдин өлкөнү башкарууда кетирип жаткан каталары –кайсы деп ойлойсуз?

-Президенттин каталарын айтып олтурсам убакыт жетпейт деп ойлойм. Менин оюмча, жаңы бийлик эски бийликке караганда көп ката кетирип жатат. Март окуясынан кийин эч кандай жакшы жакка өзгөрүүлөр байкалбайт. Тескеринче, абал курчуп кетти. Кылмыштын күчөгөнүн көрүп турабыз. Буйрутма жол менен өлтүрүлгөндөр көбөйдү. Саясатчыларды, спортчуларды өлтүрүп кетип жатат. Революция деп эл сүйүндү эле, бирок эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок. Өлкөдө кардиналдуу өзгөрүүлөрдү кылайын деген саясий эрк жок.

-Президент бийликке өзүнүн тууган-уруктарын алып келип жатат деген сын-пикрилер көп айтылып жатат. Сиз ушундай пикирлерге кошула аласызбы?

-Бул да президенттин каталарынын бири. Мына бийликте азыр баягы эле адамдар олтурат. Ал эми жаңы адамдар болсо кызматка кландык, тууган жол менен келгендер. Бир туугандары тууралуу айтпай эле коеюн. Шайлоо учурунда кызмат кылган тааныштар, туугандар,жакындар бийликке келип олтурат.

-“Лица” гезитинде жогорку кызматты ээлегендер тууралуу ар кыл сын материалдар жарыяланып келет. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев тууралуу эч кандай сын-пикир материалдар жок деген пикирлер айтылууда?

-Өмүрбек Текебаевдин саясатчы катары болобу, төрага катары болобу кандай жаман жасагандары бар. Мага ошону аргументтеп көрсөтсө, чындык материал болсо, мен албетте мындай материалды чыгарам. Өмүрбек Текебаевди жамандаган гезиттер толтура. “Жаңы ордо”гезитин алалы. Сандан санга Текебаевди эптеп жамандап, жалаа жапкан материалдар чыгат. Бул гезиттин артында ким туургандыгы баарыбызга белгилүү-мамлекет башчы Курманбек Салиевич турат.

-Бермет Бексулатновна, айтсаңыз, прокуратуранын журналисттерге, дегеле мамлекет башчыга карата сын сөздөрүн айткандарга ушундай эскертүүлөрү улана берсе, коомдо кырдаал ыдырашы мүмкүнбү?

-Албетте, болушу ыктымал. Бизге күн сайын көптөгөн кишилер чалып жатат. “Прокуратуранын кылганы туура” деп айткан бир да адам болгон жок. Биздин гезиттин 15 миңден ашуун окурмандары бар,алар да Акүйдүн жанына, аянтка чыгабыз дешти. Президентибиз эми күрөк алып алып өзүнө саясий үңкүр казбайт да. Мен ойлойм, бул өткөн саясатчы киши. Абдан акылдуу, анткени март окуясынан кийин мамлекет башчы болуу, Акаевдин мезгилинде кандай гана чоң кызматтарды ээлеген жок. Жөнөкөй адам президент болбойт да. Же бийликке келген кишинин башы такыр башка жакка карап калабы, ошону мен түшүнбөйм. Мээрим Султангазы, Бишкек