15.01.2006

Жашасын Бакиев жана анын үкалары!
Жаңы жылга дейре президентибиз коомчулук алдында агынан жарылып: "Инилеримди чогултуп, ачык сүйлөштүм. Силер эми ажонун биртуугандары катары мени уятка калтырбагыла, тартип бузбагыла, мамлекеттик кызматка кызыкпагыла деп айттым" маанисинде сүйлөгөн. Анан... "Азаттык" радиосунан депутат М.Эшимканов: Курманбек Салиевич бир иниси Маратты Германияга элчи, экинчи иниси Адылды Кытайдагы соода өкүлүнө дайындаганы мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамга жана этикалык эрежелерге сыйбастыгын ачык билдирди. Көп узабай "Дело №..." басылмасы Бакиевдин кийинки бир үкасы Жусуп 20 миллион долларлык бюджети бар АРИС аттуу агентствонун директор орунбасарлыгына отурганын, ал эми биртуугандарынын улуусу Жаныбек МВД алдындагы транспорт милициясын башкарарын кошумчалады. Соңку посткриптумунда: "И все Бакиевы, видимо, самые талантливые в республике - как в свое время Акаевы. Одним словом, как гласит русская поговорка, за что боролись, на то и напоролись" деп бүтүрүшөт.
А кечээ болсо "Алас" гезитинен көкжал публицист Алым Токтомушев Бакиевдердин бүлөсү кантип байыганын ташка тамга баскандай документтер менен далилдеп салды. Курманбек Салиевич "суудан таза, сүттөн ак" деп чаң жугузбаган иниси Марат Салиевич депутат кезинде, 1999-жылы 7-кичирайондо квартирасы турса да, элдин эсебинен 625 миң сомго Токтогул көчөсүнөн дагы бир квартира сатып алып менчиктегени айтылат. Андан кызык тузу биякта экен: 1997-жылы ошол эле Марат Салиевич Жибек жолу көчөсүндөгү заңгыраган короо-жайлуу үйүн (93,4 кв/метр пайдалуу аянты бар) 43 миң сомго сатат. Кимге дебейсиңерби? Акасы Курманбек Салиевичтин уулу Максимге!
Өткөн күздө парламент трибунасынан депутат Кабай Карабеков ажого түз кайрылып: "Биртуугандарыңыз көп экен, чакан, кедей Кыргызстан алардын баарын тойгуза албайт!" деп эмоционалдуу сүйлөгөндө, чычалаган Курманбек Салиевич дароо каяша ыргытып, спикер Ө.Текебаевдин "чыдаңыз" дегенин укпастан, сессиянын аягына жетпей кетип калганы эске түшөт. Аргасыздан.

Майрам Акаеваны "апчешалаган" Болжурова Татьяна Бакиеваны эмне дейт?
Кечээ суусун ичкен кудугуна бүгүн түкүрмөк түгүл, какырып-чимкирип салмай жаңы бийликтегилердин модасына айланбадыбы. Өткөн декабрдын башында КМУУнун ректору И.Болжурова басма сөздө бакылдап, Бакиевди айга-күнгө теңеп, мурдагы кожоюндары Акаевдерди тим эле өчү бардай жамандап чыккан. Далай окурмандар баш чайкаган. Эми болсо Ишенгүл айымдын былыктарын кезинде "Мээрим" фондусунда чогуу иштешкен курбулары чукуп чыгышыптыр. Причем өлө точно! Бир эле мисал: кандай расмий чогулуш болбосун, Болжурова сөзүн "Мен айкөл Аскар Акаевич менен Сизге, Апчеша, чексиз ыраазымын" деп баштаганын билбеген жан жоктур. "Эжеке" деп дагы эмес, таластыктарча "Апчеша" дечү. М.Акаевага БГУнун ардактуу профессору наамын тапшырып жатып, Ишенгүл Садыковна мореки сөздөрдү айтканын "мээримчилер" гана түгүл, окутуучулар, студенттер, журналисттер түгөл угушкан: "Мен Майрам Дүйшөновнанын адамгерчилигине, интеллектисине, билимдүүлүгүнө, дайыма өсүш жолунда экенине дайыма суктанам".
Биз да "суктанабыз". "Апчеша" бийликте жок. Жаңы канайым Татьяна Бакиеваны эми болжуровалар эмне деп тергешет болду экен?

КТР, БТР, ЭлТР, ЭшТР...
Дүйнөдөгү мамлекеттердин өнүгүшүн кара. Африкадагы, Азиядагы, постсоветтик республикалардагы айрым диктатордук, же бийлиги боткодой аралашма режимдерди эске албаганда, адилет, таза, демократиялык коом курабыз дегендердин эң башкы эки өзгөчөлүгүнө көңүл бургулачы. Биринчиси - парламенттик башкаруусу. Экинчиси - мамлекеттик телевидениеси түптамырынан реформаланып, коомдук телевидение озуйпасын аткарганы.
Парламенттик башкаруу жөнүндө узун сөз алдыдадыр, биз экинчисине учкай токтололу. Өткөндө депутаттарыбыз Финляндия менен Эстонияга барып, коомдук телевидениенин чыныгы жүзү менен таанышып келгенден кийин,
М.Эшимканов "Ош-3000" телекомпаниясынын базасында ЭлТРди түзүшкөн Акүй аткаминерлери К.Бакиев менен А.Мадумаровду сындап, пародияга салыштырды эле, кутулбас куяга калды. Ошол эле КТР менен ЭлТРда өтө тездик менен атайын көрсөтүүлөр уюштурулуп, төө десең бээ деген ой жүгүртүүлөр үстөмдүгү менен Мелис Асаналиевичти ашык-кеми жок... "Түштүккө каршы сүйлөгөн уятсыз сепаратистке" айлантып салышты. Кудум Брежнев-Суслов доорундагыдай, кудум Акаев-Осмонакун мезгилиндей төөбастыга алышты. Бакиевдин БТР буйругу Кыястын КТРы менен ЭлТРдан жарыша бакылдап, Мелистин ЭшТРын чыгарышты белем.
(Коомдук телевидение боюнча белгилүү киночу З.Эралиев менен депутат М.Эшимкановдун ойлорун "Агымдын" кийинки сандарынан окуңуздар)

Асыран АЙДАРАЛИЕВ