23.02.2007

Түз эфирден эмоция
Калптын казаны кайнайт
Барабан добушу эмнеге катуу чыгат? Ичи көңдөй болгон үчүн. Же болбосо "куру чайнек шарактап кайнайт" деген чындык бар.
Кечээ жакында өкмөт телеканалдары оппозиция жөнү жок чуу салып, бийликтин жетишкен ийгиликтерине калыс мамиле жасагысы келбей жатат деген таарыныч айтты. Туура, бир жыл мурда мугалимдер менен врачтардын айлыктарын 2 эсеге өстү, пособиелер көбөйдү деген. А турмушта андай эмес болуп атпайбы. Мисалга алыскы Атбашы мугалимдери ушуга чейин 30%-50% маяна кошулду дегенден бери бир тыйын ашык алалекпиз дешсе, 5 бала төрөгөн келин-кесектер балдар пособиеси кескин кыскарганын кабарчыбызга канкакшап айтып бергенин 4-беттен окуурсуздар…
 
Эй, бөрк ал десе, күркө алгандар!
ШОС шылтоосу менен борбор шаардагы соода түйүндөрдү "тазаламай" уланууда. Баарынан да гезит-журнал сатылчу күркөлөрдүн алына баштаганын кандай түшүнөсүз? Андай тазаламай иштер эмнеге борбор шаардагы сиздер көрүп турган сүрөттөгү мусор челектерден эмес, соода күркөлөрүнөн башталды? Себеби, кызылдай акча кайдан түшсө, Бакс бийлиги ошону тазалоодо.
Көрөсүз, бийлик ШОС шылтоосу менен мерчемдүү соода түйүндөрдү менчиктөө үчүн ушул ыкманы тапканын.
Албетте, биз борбор шаарда тартип-тазалык болушуна каршы эмеспиз, бирок гезит-журнал саткан күркөлөрдү турган ордунан сырдап-боеп койсо шаар көркү бузулуп калабы? А буга чейин шаардын генпланын түзгөндөр кайда карап жүргөн? Бийлик андан көрө ошолорду ордунан шыпырбайбы!
 
"Алигиге" таблетка…
Ош областтык бажынын контрабандага каршы бөлүмү кылкылдап Кытайдан келаткан 4 миллион сомдук дарыны кармашты. "Эркечтам" постунан илгиртпей өтүп келген жүк документ боюнча кытайлык буюм-теримдер деп аталганы менен аңтара келгенде арасынан адамды чалкадан түшүрчү дары-дармектер чыкты.
"Каргрип", "Маритан", "Эритромициндин" миңдеген таңгагынын арасында эркек мүчөнү күчтөндүрө турган таблеткалар да бар экен. Анын тышында "Силиный как Аврикансы" деп жазылып жүрөт дешет.
Таңгактагы "тааныш" эритромицинди анализдеп көргөндө анын жасалма экени аныкталды, калгандары Кыргызстандын мамлекеттик реестринде катталган эмес экен.

Коррупция кокого келди
Мектептен тартып Акүйдүн 7-кабатына чейин туташ коррупциялашып бүткөнүбүздү Акаевден кийин депутат Р.Тагаев айтып чыкты.
Коррупцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик агентствонун кеңешмесинде сүйлөгөн депутат президент К.Бакиевден бу балээден арылуу үчүн сөзсүз эле агентство болушу зарылбы? - деп сураптыр. Депутаттын айтымында президент коррупцияга каршы күрөшөм дегендин баарына колдоо болорун убада кылган экен. Мунусу алиги акын кеп кылган орустардын "карма ууруну карма!" деп ууру жүрөт" дегенин аргасыздан ойго салат.
Алас - пресс
"Өкмөттүк гезиттердики өттү!"
Исмаилов Таалай
(Нарын):
- Элге эркин гезиттер жакшы жетпей атат. Почтага башбаксаң эле өкмөттүк гезиттерге жазылууну таңуулашат. Аларды окусаң, Акүйдү актап, бийликти мактап, эл ичинде эч кандай проблема жоктой. КТРдин "Обо" гезитине программа үчүн эле жазылабыз. Андан көрө "Алас", "Агым" көбүрөөк жетсе, бийликтин көзбоемочулуктарын эл көрүп турат эле.
Бакиевге таарынган балалык
Жакшылык кызы Сабина
(8 жашта): - Бакиев Кыргызстандан воопщеле кетсин. Москвага Акаевдин артынан калбай! Мага, бөбөктөрүмө берилчү пособиени мамам алалбай калды. Бизге жашоо керек да…Кыргыз Рухун бийлик өрттөдү"
Исаев Болотбек
(Нарын): - Бакиев бийлиги сөз эркиндигине кысым жасай баштады көрүнөт. ААА заманында "Асабаны" өрттөп, тоноп жүдөтүшсө, кудум ошондогудай азыр да "Кыргыз Рухуна" кол салынды. Менин оюмча, аны бийлик өрттөдү. Эми мындан аркы тагдыры эмне болот? Гезиттин кожоюну ким? Ошону билгим келет.
Кыргыз Руху" гезитинин редактору
Болотбек Таштаналиев:

- Буюрса, эртең 16 бет менен чыгабыз. Өрттөлгөн бөлмөбүз болсо жабык турат. Тарткан чыгымдарыбыз биз үчүн оңбогондой эле болду. Компьютер, фотоаппараттарыбыз өрттөлдү. Мындан ары багытыбыз өзгөрөт. Азыр мурдагы өкмөт башчысы Ф.Куловдун басмасөз жетекчиси болуп иштеген Азамат Калман бизге гендеректир кызматына бекип, иштей баштады.Бетти даярдаган Олжобай Шакир